Menu

Нариман Түлеевге кабыргадан коюлган суроолор: Ачыгын айтсаңыз, экс-президент менен мындан аркы мамилеңиз кандай болот?

Бөлүшүү:

Жаамы-журт кубө, Нариман Түлеев мурунку президенттин тушунда ит көрбөгөн кордукту көрдү. Коррупция беренеси менен кесилип, түрмөдө жатты. Криминал чөйрөнүн запкысын тартты. Ага удаа бизнесинен кол жууду. Чоң-чоң имараттар, ири соода комплекстери мамлекетке өткөрүлдү. Мындай өкүмзордукту, наадандыктын запкысын Ташболот аксакал (Наримандын атасы) тартты. Бир сөз менен айтканда ушундай иштин баары Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда жасалды. Абактан чыккан Нариман жалаяктай маектерди берип, Атамбаевди эч качан кечирбесин билдирип, аны «душманым» деп сыпаттаган. А түгүл Түлеев менен Атамбаев биригет экен деген сөздөр чыкканда Нариман мырза: «Атамбаев менен жолукмак түгүл дааратканада чогуу «олтурбайм» деген жообун шардана кылган. Анан эле өткөн жумадагы Алмазбек Атамбаев менен Нариман Түлеевдин самолеттогу «селфиси» окуяны түп орду менен өзгөрттү. Ошончо кордукту көрсөтүп, азап чектирип, атасынын өлүмүнө себепкер болгон киши менен кантип колтукташып, жылмая сүрөткө түшкөнүнө көпчүлүк таң калып жатышат. Түлеевдин бул кадамы ат көтөргүс айкөлдүкпү?

—Нариман Ташболотович, сиздин кадырыңызды тебелеп, ден соолугуңузга зыян келтирип, өмүрүңүздү криминалдык чөйрөнүн мизине коюп, бизнесиңизди бытыратып чачып, эң негизгиси атаңыздын кыйынчылык тартышына, атаңыздын оо дүйнөгө эрте кетишине «көмөкчү» болгон адамды кечирдиңизби? Аны менен жолуккан күндө деле «селфи» кылбай койсоңуз болбойт беле? «Селфи» кылган күндө деле аны элге жарыялоонун кандай зарылчылыгы бар эле?Жан кыйышпас достордой шынарлашып олтуруп, 3,5 саат маектешүүңүз өзүңүзгө кандай таасир калтырды?Дегиле, душман менен достошуу кандай болот экен? Эми экс-президент менен мындан аркы мамилеңиз кандай болот ?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: