Menu

Элдик демилгеге “көмүскө” демөөрчүлөрдүн кереги жок

Бөлүшүү:

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына болгону эки жума убакыт калды. Мамлекеттин казынасынан буга 307 миллион сом бөлүнгөнү маалым болгон. Арийне, дүйнөнү дүңгүрөткөн бул саамалыкты талапка шайкеш өткөрүү үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынаары эч кимге жашыруун эмес. Айрыкча спорттук мелдештерди адилеттүү, эч ким нааразы болбогудай кылып уюштуруу башкы милдеттерден. Мындан сырткары улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү даңазалоого оңой каражат кетпесин да билебиз. Баскан изиңдин баары акчанын амири аркылуу бүтөт эмеспи? Бул чындык.

Буга чейин деле көчмөндөр оюндары өтүп келген. Экинчи жолу өткөрүлгөн көчмөндөр оюндары дүйнө коомчулугунун эсине бекем орноду. Демек, азыркысын андан да бараандуу кылып өткөрүүгө ким тоскоол болмок эле? Эч ким. Болгону жетишпеген каражатты кимдин эсебинен толтурабыз деген маселе жаралышы ыктымал. Анын деле жолун тапса болот. Биздин мамлекетте капчыгы калың олигархтар толтура. Мына ошолор мындайда четте калбашы кажет. Бөйпөңдөп лөктөргө жагалданбай эле ачык демөөрчүлүк кылам десе ким жолтоо болмок? Аны билип туруп эптеп “отметкадан” өтүп койгусу келген байлар деле жок эмес. Мына ошолор кошоматтын “үлгүсүн” көрсөтүп коомду бузуп жатышпайбы? Камалса бөөдө акчасы асманга сапырылып кетет. Ошондуктан мекенчилдигин бетине кармамыш болуп түз эле каражатын ушул демилгеге чегерсин? Калп эле “көмүскөдө” калгысы келгендердин кереги жок. Качанга чейин элден бекинип оокат кыла беришет? Жүз үйрүгөндүн тукумун соолутуш үчүн айкындуулуктун желегин желбиретүүгө убакыт келди. Кана, кайсыл бай ушул демилгеге кошулам десе акчасын кошсун кыйыктанбай? Көпөстөр улуттун намысы үчүн батыраак кыймылдагыла, түштөн кийин кыйын болбой! Арам акчалар бир жериңерден тешип чыгарын унутпагыла, байлар!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: