Красноярск аймагында эртең мененки саат 10:00дөр (9.00 БШК.) чамасында Ми-8 тик учагы кулаган. Бул туурасында РФ Тергөө комитетинин сайтына маалымат жайгаштырылды.
Факты боюнча РФ Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козголгон.
“Бортто экипаждын үч мүчөсү жана алардын сырткары вахталык мөөнөттө иштеген дагы 15 киши бар экендиги айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, баары курман болду”, —деп жазылган билдирүүдө.
Учурда кырсыктын себебин аныктоо максатында иликтөө иштери башталгандыгы айтылган.
Булак: Тамчы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ