Menu

Курсан Асановдун үйүнөн президенттик штандартты издештиби?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдирүүсүндө, Аскер прокуратурасы министрдин мурдагы орун басарынын батирин 14-августта тинтүүгө алган.

“Кечээ күнү сурактан кийин тинтишти, Алмазбек Атамбаев берген делген нерсени издешти. Ал жактан эч нерсе табышкан жок, бирок анчейин көп суммада эмес акчаны алышты – 2000 доллар. Ошол эле маалда жада калса майда купюраларды да алышты. Кошумча үч белекке берилген саатты алышты. Сааттын бирөөсүн Асановго Орусиянын ИИМи белек кылган. Алар эч нерсени далилдей алышпайт”,- деди Айткулов.

Буга чейин ЖМКларда Атамбаев Асановго документ жана акчалар салынган кызгылт баштыкты өткөрүп берген делген маалымат таркап кеткен. Асанов бул маалыматты четке какканы менен, пакет кантип ага өткөзүлгөндүгүн видеодон көрүүгө болот. Анын ичинде документтерден тышкары Атамбаевдин президенттик штандарты да катылгандыгы, учурда анын кайда житип кеткендиги билинбей, изделип жаткандыгы маалым.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “талаптары менен көрсөтмөлөрүн этибарга албай койгон”, ошондой эле “өз алдынча чечим кабыл алып”, “тергөө органдарынан далилдерди жана документтерди жашырган” деп айыпталып жатат.

8-августта Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асановдун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнөн кийин Атамбаев куралдарын таштап, өз эрки менен багынып берген. Ошондон соң Асановду бул кадамы үчүн көпчүлүк баатырга теңеп чыгышкан. Бирок, тергөөдө Курсан Асанов өз кызыкчылыгын коргогондугу далилденгенин ИИМ да айтууда.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: