Menu

Актилек Гүлжигит кызы, журналист: 30 жашка чейин түгөйүмдү табайын деген пландарым бар

Бөлүшүү:

Таланттуу, сүйлөгөн сөзү олуттуу, кезинде дикторлук да кесипти аркалаган, учурда КРТКнын “Ала-Тоо 24” маалымат программасынын эң жигердүү кабарчыларынын бири Актилек Гүлжигит кызынын купуя сырларын ачабыз.

– Актилек, “Актилек Гүлжигит кызы” деген атты жасай алдым деп ойлойсузбу? Ысымды коомго таанытуунун түмөн түйшүгүнө токтоло кетсеңиз?

– “Актилек Гүлжигит кызы” деген ысымды көпчүлүк биле бербесе керек. Али жасай элекмин деп айтам. Дагы көп эмгек жасашым керек. Коомго таанытайын деп атайын аракет кылып көрбөптүрмүн, кылган эмгегиң татыктуу болсо эл оозуна билинбей алынып калат экенсиң. Эң маанилүүсү – ошол ысымды булгабай алып жүрүү деп айтат элем.

– Сизде кандай эрк бар экенин жамы журт жакшы билет. Жалгыз бой уулдарыңыздын тиреги болуп келесиз. Бирок мырзадыр, аялдыр жеке жашоо керек эмеспи. Ойлонуп жатсаңыз керек?

– Чоң рахмат. Балдардын түйшүгү менен алек болуп, жеке жашоо тууралуу көп ойлонбой калам. Балдарым менин бүткүл жашоом деп жүрө берем. Бирок кесиптештерим менен досторум жеке жашоо тууралуу эске салып турушат. Албетте, кээде ойлоном. Ашыктык каттарын жазган жигиттер менен сүйлөшүп көрөйүн деп жакшы эле аракет кылам. Бирок көпчүлүк учурда жолугууга убакыт таба албай калам. 30 жашка чейин түгөйүмдү табайын деген пландарым бар. Али убакыт бар.

– Журналисттик кесиптин түйшүгү оор эмеспи. Сапарга чыкканда, үйгө толук кандуу көңүл бура албаган учурда, түйшүк басканда кесип алмаштыруу тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

– Ар бир кесиптин түйшүгү өзүнчө оор. Кесипти алмаштыруу тууралуу көп ойлоном. Быйыл башка кесипке окууга тапшырсамбы деп турам. Телевидение жаштыкты сүйөт. Өз убагында кете билүү керек. Жаштар менен теңтайлаша, атаандашып жүргөн жакшы көрүнүш эмес. Бир канча тармактарды азыр изилдеп жатам. Буюрса, башка кесипти да жакшы өздөштүрүп кетсем деп тилеп турам.

– Адатта ийгиликтүү, бирок жалгыз бой айымдарды сөз көп ээрчийт эмеспи. Сиздин реакцияңыз?

– Ооба, сөз көп. Мен эми гана эфирге чыгып баштаганда, абдан көп жаман сөздөр айтылып кеткен. Ал кезде жаш экенмин, жүрөгүмө катуу тийчү, жакын кабыл алып алчумун. Жаздыкка жүзүмдү катып алып ыйлачумун. Ким айтып жатканын билем да, алардын жанында өзүмдү эч нерсе билбегендей алып жүрдүм. Душманга жылмаюу үчүн болуп көрбөгөндөй эрк, күч керек. Азыр ушак сөздөр көп айтылбай калган окшойт же мен укпай жатамбы билбейм. Эгер угуп калсам мурункудай реакция кылбайм. Көңүл бурбагандай болом, бирок баары бир жүрөгүм ооруп калат.

– Виртуалдуу дүйнө баарыбызды арбап алгандай. Социалдык тармактардан баш тартууга эркиңиз жетеби?

Билесизби, мен жайлоодо жашагым келет. Уй саап, айран уютуп, сары май камдап.  Таза абадан кере-кере дем алып. Азырынча социалдык тармактар мага керек. Жасай турган жумуш көп. Бирок ошондой шарт түзүлүп калса, социалдык тармакгардан баш тартууга эрким жетет.

– Аял киши маал-маалы менен бук болуп турат эмеспизби. Букту, сырды ким менен көбүрөөк бөлүшөсүз?

– Туура, ичтеги букту чыгарып туруу керек. Мен жакын досум менен сырдашам. Ал менин көп сырымды билет. Көп кадамдарды кеңешип туруп жасайбыз. Үй-бүлөбүз менен катышабыз. Жакшылыкта, жамандыкта биргебиз. Албетте, ар бир адамда тиги дүйнөгө алып кете турган сыры да болот эмеспи.

– Кесиптештердин арасындагы тымызын атаандашууларды сезсеңиз керек? Негизи сизде атаандашып жашоо сезими канча пайыз деп ойлойсуз?

– Атаандашуу болушу керек. Ансыз өсө албайсың. Кесиптештер менен аябай атаандашып иштеген учурлар да болгон. Азыр болсо атаандашуучу жагдайлар эле болуп калбаса, атаандашпайм. Ал эми атаандашып жашоо сезими мынча пайыз деп айта албайм. Себеби атаандашуучу адамдар болот. Эгер татыктуу атаандаш болсо 100% атаандаша алам. Кээде кол шилтеп коем.

– Сизди түйшөлткөн социалдык көйгөй?

– Социалдык теңсиздик. Дүйнөнүн байлыгынын жарымы Жер планетасынын калкынын бир эле пайызы ээлик кылат экен. 160 миллиондон ашык балдар курсагы жакшы тойбой жабыркашат. Мына ушул статистика жүрөгүмдү өйүп турат. Кийинчерээк бала багып алам деген тилектерим да бар.

– Олуттуу кызмат сунуштаса кандай кабыл аласыз? Адатта журналисттер саясатка көп кетишет го…

– Олуттуу кызмат сунушу түшсө албетте ойлонуп көрмөкмүн. Колумдан келе турган, мен жасай ала турган кызмат болсо эмнеге болбосун. Бирок саясат жөнүндө ойлонгон эмесмин.

– Бакыт сиз үчүн?

– Балдарымдын ден соолугу, амандыгы.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: