– Темике, интернет айдыңында жаштар менен түшкөн сүрөтүң көбөйүп бараткандай. Too аралай да жүрүп каласың…
– Кыргыздын керемет жери Сары-Челекте, Сузак, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Токтогул, Ала-Бука, Аксыдан келген активисттери менен жолуктук. Булардын баары «Бирге» жаштар кыймылынын Жалал-Абаддагы демилгелүү мүчөлөрүнөн экен. Биздин маектешүү учурунда алар Кыргызстандын келечегине карата абдан кызыктуу жана ишке ашырууга реалдуу сунуштарды айтып, мени суктандырышты. Эң башкысы, аларда келечекке болгон ишеним жана жаштайынан ар тараптуу өздөрүн өстүрүү, аракет күчтүү экен. Албетте, мындай потенциалдуу жаштар менен бирге гүлдөгөн Кыргызстанды кура аларыбызга терең ишенем! Жаштардын ой жүгүртүүсү, изденүүсү улуу муунга дем берет!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ