Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгында ири каржылык кылмыш аныкталды. Бул тууралуу 6-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, шектүү кызматкерлер көзү көрбөгөн, 1-топтогу майып адамдын колун ага айтпастан жасалмалап, башка бирөөгө сырттан товар ташып келүүгө патент жазып беришкен. Мунун айынан мамлекет төлөнбөй калган салык түрүндө 14 миллион сомдук зыян тарткан.
Кылмышка шектүү катары үч киши кармалып, үй камагына алынды. 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик
эсеби түзүлгөн. Учурда ага топтолгон акча 1 миллиард сомдон ашты.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ