Курман ыраазы болсун деген Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун таскагы катуулай баштаганы эмнени каңкуулайт? Эгерде жогортон “сигнал” болбосо шаардын мааракеси белгиленген салтанатка Нариман Түлеевди алып келип, эл алдына чыгармак эмес. Чамасы шайлоонун шарапатын ойготуу үчүн жасалган кадам болду шекилди. Анткени лөкмүн деп өзүн эсептегендер парламенттик саясий өнөктөктүн ажаатын капчыктуулар менен бирдикте ачууга абдан куштар болгону ырас. Ошондуктан акчасын аябай чачкан Нариманды “реабилитациялоого” далалат кыла башташкандай.
Ал эми калаа башчысы ойт берме “сценарийлерди” жүзөгө ырааттуу ашырууга катуу бел байлаптыр. Миңдеген адамдардын көзүн будамайлагысы келген соң өздөрүнчө топтолушкандагы өнөрлөрү суу кечпейт окшойт. Эмнеси болсо да качкан бийликтин тың чыкмалары улам барган сайын кайрадан бийликтин тизгинин жулуп алууга ынтызарлыгы даана байкалып калды. Жалаң куу чирендерге артын тоскон бийлик мага десе капталымды бөрү кемирсин деген “позада” нымтырайт. Ак үйдө болсо тогуз жыл мурда бутун эмес мурдун көрсөтө албагандар ээн-эркин жойлоп калышты. Жойломок түгүл ошолор акыл-кеңешин бергени боюнча каңшаарлар толуп кетти. Оксананын шакирттерине баракелде дебеске аргабыз жок. Ким билет, балким Малеванная да бир күнү жарк этип кирип келер…
Булак: «Ачык сөз»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ