Бишкекте бир туугандар жоголуп, изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда туугандары билдирди.
Алардын айтымында, бир туугандардын улуусу (Канат Асанов) 51 жашта, кичүүсү (Кубат Асанов) 47 жашта. Алгач Канат Асанов жоголгон, тагырагы, ушул жылдын 9-январында, кечки саат 18.00дөр чамасында “Ынтымак” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып барган эмес. 15-январда Кубат Асанов агасын издеп чыккан. “Заречное” айылынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Канат Асановдун бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, чачы ак, көз айнекчен. Үстүнө көк түстөгү капюшону бар куртка, кара шым жана кара бут кийим кийген.
Кубат Асановдун бою 160 сантиметр, арыкчырай, көзүнүн көрүүсү начар. Үстүнө кара куртка, кара баш кийим, көк жинсы шым жана кара бут кийим кийген.
Бир туугандарды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюнарды туугандары суранат:
0501 12 42 19, 0551 12 42 19, 0777 74 06 99
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ