Menu

ФСБнын операциясында өлтүрүлгөн тажикстандыктардын сөөгү туугандарына берилди

Бөлүшүү:

Үч ай мурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Владимир облусундагы контртеррористтик операциясы маалында каза болгон эки тажик жаранынын сөөгү туугандарына берилди.

34 жаштагы Асомиддин Кыргызбеков менен анын 31 жаштагы тууганы Сайфулло Кыргызбеков 22-майга оогон түнү Кольчугино шаарындагы антитеррористтик операция маалында өлтүрүлгөн. Анда Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети теракт жасоону пландаган эки согушкер жеке үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөнүн билдирген.

«Согушкерлер багынып берүү сунушуна ок атуу менен жооп беришти. Ортодогу атышуунун жыйынтыгында алар өлтүрүлдү. Үйдүн ичинен колго жасалган бомбалар, ок-дарылар жана диний китептер табылды. Алар экстремисттик уюмдардын биринин мүчөлөрү болушкан. Анын чет өлкөдөгү өкүлдөрү менен байланышып, адамдар көп чогулган жерде теракт жасоого даярдык көрүшкөн», — деп билдирген мекеменин өкүлү.

Бирок укук коргоочулар менен маркумдардын туугандары ФСБ тажикстандыктардын күнөөлүү экенин ырастаган эч кандай далилдерди көрсөтпөгөнүн билдиришүүдө. Алардын айтымында, атайын кызмат тараткан видеодо тажик жарандары курал менен коргонгон делген үйдүн дубалдарында октун издери болгон эмес.

Асомиддиндин агасы Нурмухаммад Кыргызбековдун айтымында, Орусия бийлиги Кольчугино шаарындагы окуядан үч ай өткөндөн кийин гана сөөктөрдү алып кетүүгө уруксат берди. «Алар катардагы эле мигранттар болчу. Орусияга үй-бүлөсүн багуу үчүн иштегени кетишкен. Асомиддиндин артында үч, Сайфуллонун эки баласы калды», — деди Нурмухаммад.

Ал Асомиддин менен Сайфулло эч качан экстремисттик уюмдарга мүчө болбогонун кошумчалады. «Алардын күнөөсү жок экенине 100 пайыз ишенебиз. Алар эч качан террорист дагы, экстремист дагы болгон эмес. Бирок биздин атайын кызматтагылар менен соттошолу деген ниетибиз жок. Андан эч кандай майнап чыкпайт», — деп ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: