А. Атамбаев бүгүн, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өкмөттүн Тарагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ