Menu

386 млн доллар Артыкбаевдин кабинетинде чечилгени ыраспы?

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн доллардын кандай жумшалганы тыкыр иликтенсе, бир топ аткаминер темир тордун артына барганы калды. Элде ЖЭБди модернизациялоого 386 млн доллар кетет деп ким аныктаган? Ким бул бааны эсептеп чыккан деген суроо көп. Буга азырынча жооп жок. Бул акчанын изин  депутаттык комиссия, УКМК  изилдеп жатат. Жооп жок болгону менен коомчулукта имиштер арбын. Мисалы, 386 млн доллар ошол кездеги Энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаевдин кабинетинде  чечилгенин айтканы кызык болууда. 2013-жылы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин кабинетинде “Электр станциялары” ААКнын жетекчиси Салайдин Авазов, анын биринчи орун басары Абдылда Исраилов, кап.строй боюнча орун басары Жолдошбек Назаров, ТЭЦтин директору Андрей Воропев, ТЭЦтин башкы инженери Нурлан Өмүркул уулу, министрликтин бөлүм башчылары, жана ТВЕА компаниясынын өкүлү болгон 3 кытай жараны жыйын өткөрүшкөнү, анда Осмонбек Артыкбаев 3 кытай жаранын көрсөтүп, “ЖЭБди ушул компания модернизация жасайт” деп айтканы чын же калп экенин депутаттык комиссия менен УКМК изилдеп чыгышы керек.  Бийликте олтургандар айтпаса да, кызматтан алынган Нурлан Өмүркул уулу айтып берсе керек. Алгач кытайлар  ЖЭБди модернизациялоо үчүн 400 млн доллар деп бааласа, Артыкбаев алар менен соодалашып “Бул аябай эле кымбат” десе, кытайлар 390 млн долларга түшүрсө, Артыкбаев “Мен министр катары суранып жатам, баасын түшүргүлө” дегенден кийин, кытайлар 386 млн долларга макул болгону, ошол жерден Артыкбаев “Электр станциялары” ААКнын жетекчиси Салайдин Авазовго кытайлар менен келишим түзүү тапшырмасын бергени тууралуу маалыматтар жөн жерден чыкпай жатса керек. Артыкбаев 386 млн долларга ЖЭБди кантип баалады?  Азыр ал акчанын эсебин таба алышпай, аттишти 600 миң доллар деп баалап олтурган кездери. Аны УКМКнын караңгы жер төлөсүнө 5 мүнөт алып кирип сураса, баарын саймедиреп айтып бермек да. Бул маалыматка УКМК менен депутаттык комиссия кызыгып койсо. Коомчулукту бүдөмүк кылбай.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: