Menu

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары 9%га чейин төмөндөдү

Бөлүшүү:

Быйылкы жылдын башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары төмөндөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Монополияга каршы жөнгө салуу мамагентигинин директору Шухрат Сабиро өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жыл башынан бери бензин 6,5%га, дизель отуну 9%га төмөндөгөн.

Ал белгилегендей, Россиянын кайра иштетүүчү заводдорунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын төмөндөшүнө жана биржалардагы мунайга болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу, Кыргызстандагы мунай сатуучуларга тиешелүү сунуштар жөнөтүлгөн.
“Нефтетрейдерлер Союзунун” башчысы Заур Кипкеевдин айтымында, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдан улам айрым компаниялардын сатуудан түшкөн кирешеси 90% га түшкөн.

“Бирок ага карабастан, биз өкмөттү колдоп, күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын төмөндөттүк” – деп белгиледи Заур Кипкеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: