Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Сагындык Келдибаев, Курманкул Зулушев Өзгөн районунун Кароол айылынын эли менен жолугушту. Анда эл өкүлдөрү 2019-жылга аткарылган жумуштар, жаңы жылга карата пландары жөнүндө айтып беришти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Вице-спикер Аида Касымалиева аталган айылдын М.Ботобеков атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн акча каражаты бөлүнөөрүн билдирди. “1000ге жакын окуучу 3 нөөмөт менен оңдоп-түзөө үчүн зарыл болгон эски мектепте окуп келишкен. Кыш мезгилинде жылытуу системасы жок, суук класстарда билим алышууда. Аны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү муктаждыгы туурасында жергиликтүү тургундар бир нече жолу кайрылышкан. Элдин суранычын эске алып, республикалык бюджеттин эсебинен 28 млн сом бөлүнө турган болду. Бул каражатка мектепти толугу менен капиталдык ремонттоо иштери аткарылат”-деди Аида Касымалиева.
Жолугушуунун жүрүшүндө, 2019-жылга карата жигердүү иш алып барган муниципалдык кызматкерлерине ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ