Жогорку Кеңештин эки тизгин, бир чылбырын колго алган Чыныбай Турсунбековдун төрага болгонуна бир жыл болуптур. Бул аралыкта Чыныбай мырза саясатта анча-мынча болсо да салмак топтоп, сүр-сөөлөт күткөнгө жарады. Акыркы кездери КСДП президенттикке кимдин талапкерин алып чыгаарын так аныкташпай, олку-солку болушу Чыныбай мырзаны жандантып койду. Дегенибиз, мен деле КСДПнын атынан президенттик шайлоого аттанып, багымды сынап көрсөм кантет деген ой кытыгылай баштады өңдөнөт, өзү туурасында пиар материалдарды жылжыта баштады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ