Menu

2017-жылдын август айында Кыргызстан боюнча 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт

Бөлүшүү:

2017-жылдын август айында Кыргыз Республикасы боюнча 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик комиссиясынын кезектеги жыйынында билдирди. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал эскерткендей, калктын 5% түзгөн радио байланыш жетпеген 326 айыл аймагында жашаган элди санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылуу үчүн учурда 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу этабы менен жүргүзүлүп жатат. Бул азырынча санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 227 айылдык аймактын элин санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылат.

«Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 67 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулду. 2017-жылдын августунда бардык 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аягына чыгат. Калган 99 айылдын калкы санариптик телерадиоберүүнү спутник аркылуу көрө алышат», – деди Маалыматтык технологиялар  жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.

Ал белгилегендей, жер жерлерде санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу үчүн өзүнчө атайын жай курулууда жана ал коргоого алынат.

Жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК  белгиленген мөөнөнттө өлкөнүн тургундары санариптик көрсөтүүлөр менен камсыз болуусу үчүн  бардык көрсөтүлгөн жайлар электр таркатуучу линияга кошулуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынынын жыйынтыгында биринчи  вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев  тийиштүү мамлекеттик органдарга   Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программасындагы тапшырмалар менен максаттарды өз убагында аткарууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: «Женева-06» планы  101 өлкө тарабынан кабыл алынган. Ага  Кыргыз Республикасы да кирген. Анда санариптик телерадиоберүүгө милдеттүү  өтүүсү каралган. Мындан кийин аналогдук телеберүүдөгү тв жыштыктары эл аралык  укуктук коргоо макамы күчүн жоготот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: