Menu

Оштогу мечиттин жанынан Жапониядан келген бэкпекерди табышты

Бөлүшүү:

Ош шаарынын тургуну Замирбек Орозахунов өзүнүн Фейсбук баракчасына Жапониядан келген саякатчы Ош шаарындагы мечиттин жанында кайыр сурап олтурган сүрөтүн чыгарган. Андан соң тиешелүү органдарга кайрылып, чет элдик туристке көңүл бурууну суранат. Ал эми туристтин өзү менен мобилдик телефондогу тиркемелердин жардамы аркылуу сүйлөшкөн.

Замирбек айтып бергендей, 15-декабрда “Аль Бухари-Алай” мечитинин жанынан өтүп баратып, жакшынакай кийинген жигиттин англисче жазылган кагаз кармап олтурганын көрөт. Кайыр сураганын, башка улут экенин дароо түшүнөт. Теңтуштары болуп аны менен телефондогу котормочу тиркеме аркылуу сүйлөшөт. “Үйүңө кете албай жатасыңбы?” деп сурашат. Тигил “Жок” дейт. Анан телефон номурун сурап алышат. Сүрөткө тартканга да уруксат берет. Ошентип Фейсбукка жайгаштырган.

Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси Максат Орозалиев соцтармакта көрсөтүлгөн телефон аркылуу жапон жигит менен байланышкан. “Чалсак, албай койду. СМС жазсак гана жооп келди. Кайдан келгенин, эмне маселеси бар экенин сурадык. Аты – Понг экен.Туристтик милиция менен, туристтик агенттиктерге айттык. Алар аны мейманканага жайгаштырышыптыр”- дейт.

Ош ШИИБисинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Жапониянын жараны менен сүйлөшүп, кайыр сурап, анан чогулган акчага дүйнө жүзү боюнча саякаттай турганын билишкен экен. “Туристтик милиция кызматкерлери аны менен жолугушту. Бул аны хоббиси экен. Ошентип дүйнө кыдырат тура. Кайсыл бир өлкөгө барып, анан акчасы түгөнүп калса, жергиликтүү калктан кайыр сурайт. Башында биз аны тоноп кеткен экен деп ойлоппуз. Бүт документтери жанында. Хобби тура, көрсө”, – дейт Сыдыков.

Мындай саякатчыларды бэкпекер деп коет. Англисчеден которгондо backpack – жонкуржун же рюкзак деп которулат. Башкача айтканда, бэкпекер – бепбекер эле кайыр сурап, дүйнө кыдырган саякатчы, туристтик агенттиктерге кайрылбайт. Дүйнө жүзүн ушинтип көргүлөрү келет.

Мындай “бепбекер” туристтер көптөгөн өлкөлөрдө көчөлөрдө кайыр сурап олтурушат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: