Жаңы жылдан тартып Орусиянын «Россия 1» телекананалындагы популярдуу «Сам себе режиссёр» телеберүүсү жабылды. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, эфирде 28 жыл өмүр сүргөн кийин «Сам себе режиссёрдун” жабылышын анын алып баруучусу Алексей Лысенков жаман абалда кабыл алган. Анын айтымында, жабылуу чечимин түшүнгөнү менен кабыл алуусу оор болгон жана макул болууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал ишсиз калбаганын айтып, дагы эки долбоору бар экенин, бирок, азырынча аны кеңири айтпай турууну чечкенин билдирген.
Эске сала кетсек, «Сам себе режиссёр» телеберүүсү 1992-жылдын 14-январында биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Эл жакшы кабыл алып, кызыгуу менен көргөн. Эң акыркы көрсөтүүсү 2019-жылдын 22-декабрында эфирге чыккан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ