Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Журт атасы” деген кызмат орду эмес”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, түз шайлоо сунушу көтөрүлүп жатат. Буга кандай карайсыз?

– Бул маселеде менин пикирим башкачараак. Ачык эле айтайын, бизде улуттук маселе деген түшүнүк бар. Айрыкча түштүктө. Эртең шайлоо болгондо, улуттар арасында кандайдыр бир талаш болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн азыркы жол – мэрди депутаттар шайлаганы туура. Ал эми түз шайлоо системасын киргизе турган болсок, анда Кадамжайда кадамжайлыктан башка эч ким, Нарын шаарында нарындыктан башка эч ким мэр боло албайт. Жердешчиликти күчөтүп салабыз анда. Мен ойлойм, бийлик вертикалын түзүшүбүз керек. Талкалап салып, азыр мамлекеттин күчү, мамлекеттик бийлик деген түшүнүк жоголуп кетип баратат. Дагы бир нерсе бар, эгер Кыргызстанда 25 шаар болсо, көпчүлүгү дотацияда, мамлекеттен каржыланышат. Аларга «мэрди өзүңөр шайлай бергиле» деп койгонго болбойт да. Шайлоо болордо баары убада берет, «муну кылам, тигини кылам» дейт да, эртеси баары бир каржы министрлигинин алдына «акча керек» деп келет. Ошондуктан, мэрди түз шайлоого азырынча эрте. Балким, 20-30 жылдан кийин байып, мамлекетибиз бутка туруп калса, ошого барабыз.

– Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко 2-ирет келүүдөн баш тартты. Аны сотко мажбурлап алып келүүгө мыйзам жол береби?

– Сотко барбай коюу – жосунсуз жорук. Милдет да, барыш керек. Минтсе, жаман адат болуп калат. Барбаса, колунан жетелеп алып келиш керек. Камак деген камак, үйүнүн төрү эмес ал жер. Мыйзам эмнеге тоскоолдук кылсын? «Мен сотуңарга барбайм» дегенин эч түшүнбөй турам. Ак болсо, сотко келип, «мен акмын» деп далилдерин келтирип, фактыларын көрсөтүп бериш керек. Калыстык үчүн айтып коюш керек, ошол өзү барбай койгон сотторду өзү президент болуп турганда койгон. Анан эми «мен сотторго ишенбейм» дегени кандай?

– Кыргыздар «журт атасы» деп кимди айтышкан?

– «Журт атасы» деген кызмат орду эмес. Президент же депутат журт атасы боло албайт. Элди бириктирип, элдин жыргал жашоосу үчүн келечекти түзүп берип кеткен улуу адамдарды «журт атасы» деген кыргыздар. Анда да ал адамдын көзү өтүп кеткенден кийин мындай баа берилген. Түрктөр Ататүрктү «журт атасы» дешет. Тирүү кезинде канча тепки жеген, ага қанча кол салуулар болгон? А биз Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиевдерди «журт атасы» деп айтсак болот. Канчалык сын-пикирлерди айтпайлы, жашап аткан шаарыбызды ушул кишилер курушкан. Иштеп жаткан адамды «журт атасы» дебешибиз керек. Биринчи коркунуч: ал чын эле ишенип алат, «мен ата болуп калдым» деп. Айткан киши ката кетирди, же элге жаман пикир калтыруу максатын көздөп, атайылап айтты. Абайлап сүйлөш керек да.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: