Menu

Баткен ОИИБ: Чек арадагы жарандардын коопсуздугу милициянын көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Баткен районундагы Көк-Таш айылында 10-январь түнү орун алган кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу абалды турукташтыруу максатында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен облусуна барган. Ал облустун милиция кызматкерлери менен жолугушуп, абал менен таанышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кечээ, 12-январь күнү билдирди.

Чек арадагы абал көзөмөлгө алынып, коомдук тартипти бекемдөө үчүн зарыл чаралар көрүлүп, Баткен ОИИБ жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.  Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугуна өзгөчө маани берилип, милициянын көзөмөлүндө.

“Милициянын кызматкерлирине жергиликтүү жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекеттик чек арадагы эки элдин пикир келишпестигин алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Азыркы учурда чек арадагы абал туруктуу. Баткен ОИИБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда” – деп айтылат маалыматта.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: