“Кумтөр” алтын кенин иштеткен компаниянын оор жүк ташыган машиналары биздин ички жолдорду дайыма пайдаланып келет. Мурун бузулган жолдорду оңдогонго акча берип турчу эле, азыр бербей калды”, – деп билдирди бүгүн, 16-январда КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жол жана транспорт инфраструктасына ивестицияларды тартууну жакшыртуу боюнча коомдук талкуда.
“Ысык-Көлдө, Барскоон айылынан Балыкчыны көздөй кеткен жолдун 3 чакырымын оңдоого “Кумтөр” мурун акча берип турчу, акыркы 3-4 жылда аны да бербей койду. Ошондуктан биз “Кумтөрдөн” жок дегенде ошол 3 чакырым жолду оңдогонго акча беришин талап кылышыбыз керек. Анткени жолдор “Кумтөрдүн” оор жүк машиналарынын байма-бай каттоосунан да талкаланып жатат”, – деди Жамшитбек Калилов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ