Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Серикбай ажы ОраздыКазакстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Урматтуу Серикбай ажы !
Сизди Казакстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын VIII Курултайында 300 делегаттын бирдиктүү добушу менен Азирети Муфтийлик кызматына дайындалышыңыз менен жеке өзүмдүн, кыргыз элинин жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан чын дилимден куттуктаймын. Эзелтен Казаксатан менен Кыргыз мамлекетин бир туугандык мамиле байланыштырып келет жана казак эли менен кыргыз эли ынтымактын, биримдиктин символун туу тутуп, ошол эле учурда Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап келүүдө.
Сиздин жетекчилигиңиздин алдында Казаксатан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосунда тыгыз кызматташтык мындан дагы бекемделип, достук алакаларыбыз чыңалат. Ар дайым ишиңизди ийгиликтер коштоп, Жараткан Алла Тааланын жакшылыктары жандап жүрсүн. Ар бир кылган ишиңиздин үзүрүн көрүп, динибиздин асыл баалуулуктарын бүткүл ааламга жайылтууда өзүңүздүн салымыңызды кошо беришиңизге тилектешмин.
Сизди терең урматтоо менен,
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ