ЖКнын депутаты, эгемендик алгандан бери ээрден түшпөгөн чиновник Акылбек Жапаровдун ушу тапта айласы куруп, нарындык жердештеринин бетин тик карай албай турган ахыбалга келгенин угуп жатабыз. Анткени “эски дос эстен кетпейт” болуп, убагында далай Ак үй, Көк үйдө чогуу иштеп чайлашып жүргөн Данияр Нарымбаев камакка алынганы Акылбек мырза ага жана үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүп келген экен. Ал тургай, экс-аппарат башчыны актоого аракет жасап, анын актыгын “айгинелеген” макала-маалыматтардын жарыкка чыгышына да жардам бериптир.
Бирок жакында эле Нарымбаевден биринчи Нариман Түлеев абактан бошонуп чыгып кетти. Эми ал нарындык жердешинин өзүнө каршы иштегенин эл-журтка айтып, абийирин ачып коюшу мүмкүн. Ошону ойлогондо акылдуу каржычынын ичинен кан өтүп жаткан шекилдүү…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ