Кечээ, 24-сентябрда Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, кылмыш 2016-жылдын 14-сентябрында болгон. Бишкек шаарынын тургуну Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаасын досуна ижарага берген. Бирок экинчиси башка бирөөнүн унаасын сатып жиберип, качып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүүеестрине КРын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.
Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1983-жылы туулган С.Д. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, тергөө кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктайт. Буга байланыштуу, милиция шектүүнүн аракетинен жапа чеккендер болсо, анда төмөнкү телефон номерлерине (0312) 56-32-48, (0554) 10-25-19 жана 102 билдирип коюуну өтүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ