Menu

Акыркы камакка алууларга байланыштуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз элине жана эл аралык коомчулукка!
Сөз эркиндигин коргоо комитети саясий эркиндик үчүн да күрөшөт, ал эркиндик болсо башкача ойлогондор эч ким тарабынан куугунтукталбаш керек дегенди түшүндүрөт.
Бийликке каршы пикирин ачык билдирген Элдик парламенттин жетекчилеринин кармалышы бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтуктун көрүнүшү болуп саналат, бийлик мунусу менен коомдук диалогдон баш тартып, эл менен болгон байланышын жоготуп баратканын дагы бир жолу көрсөттү.
Оппозициянын айтканы менен макул болбоо мүмкүн, бирок айтылган сөз үчүн адамды абакка салууга болбойт. Акыркы мезгилде оппозициялык ишеними жана көз карашы бар коомдук ишмерлердин камакка алынып жаткан учурлары көбөйүп баратканына биз макул боло албайбыз.
Конституция боюнча Кыргызстан демократиялык мамлекет, андай мамлекетте адам укуктары жана жарандык эркиндиктер эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Демократиялык өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү менен саясий ар тараптуулукка кепилдик күчтүү болууга тийиш. Бирок демократиялык баалуулуктар жана адам укуктары менен эркиндиктерине байланышкан абалдын бүгүнкү күндө Кыргызстанда өзгөрүп баратканы Конституцияга каршы келүүдө. Ал баалуулуктардын жокко чыгарылышы улам күчөп жана тездеп баратат, ошондуктан саясий ишеним эркиндиги менен адамдын өз пикирин эркин билдирүүсүнө болгон каршылык улам коркунучтуу мүнөзгө ээ болуууда.
Акыркы окуялар бийликтин саясаты репрессиялык нукка түшүп баратканын көрсөтөт, жарандардын оппозицилык демилгелерин, же алардын бирикмелери менен кыймылдарын чектөө жана аларга тыюу салуу жолу тандалып алынганы ачык көрүнүүдө. Бийлик өзү жана анын арзыматтык маалымат каражаттары менен журналисттери оппозицияны коомго эл душманы кылып гана көрсөтүүдө жана ал аракеттер жарандардын сезин алуу менен саясий эркиндигин басууга багытталган.
Тартип коргоо органдары менен күч түзүмдөрү саясий күрөштүн куралына айланып баратканы өзгөчө тынчсыздануу жаратууда. Бийликтин пикиринен айырмаланган ой билдирүү бийлик тарабынан ага каршы уюштурулуп, бийликти тартып алууга жана мамлекеттик төңкөрүш даярдоого болгон аракет деп көрсөтүлүүдө.
Ошондуктан биздин Комитет бардык кайдыгер эмес жарандарды биздин кайрылууга кошулууга чакырат, анткени коомдо эркиндик болуш үчүн, эң биринчи кезекте саясий эркиндикке кепилдик берилиши керек, адамдар өз пикирин жана жарандык турумун эркин билдириши зарыл.
Сөз эркиндигин коргоо комитети
1. Нарын Айып
2. Замира Сыдыкова
3. Бегалы Наргозуев
4. Өмүрбек Суваналиев
5. Равшан Жээнбеков
6. Клара Сооронкулова
7. Адиль Турдукулов
8. Дайырбек Орунбеков
9. Бейшенбек Бекешов
10. Эрнис Кыязов
11. Нурдин Урмамбетов
12. Назгүл Кадыралиева
13. Күнболот Момоконов
14. Адилет Айтикеев
15. Табылды Акеров
16. Бактыбек Эргешов
17. Мавлян Аскарбеков
18. Элнура Кулуева
19. Тимур Саралаев
20. Аскер Сакыбаева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: