Menu

Казакстандык ырчы Dequine белгилүү лейбл менен келишим түздү

Бөлүшүү:

Казакстандык ырчы Dequine Warner Music Russia лейбли менен келишим түздү. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыкты.

20 жаштагы Данеля Садыкова 2019-жылдын жайында “Фемида” ырын чыгарып, ага чоң популярдуулук алып келип, 100 мыкты Apple Music Kazakhstan компаниясынын катарына кирген. Кийинчерээк, Warner Music Russia уюмунун өкүлдөрү чыгарманы угуп, аткаруучу менен байланышкан. Сүйлөшүүлөрдүн процесси башталып, 2020-жылдын башында кыз алар менен альбомду чыгаруу боюнча келишим түзгөн.

Ырчы айымдын айтуусунда бул контрактты түзүүдө ал эң биринчи жолу юрист жалдаган.

Ал ошондой эле, 2018-жылы ТНТ каналындагы “Песни” долбооруна катышып, Бастанын командасына тандалып, бирок андан кийин оюн өзгөрткөнүн айткан.

“Мен үчүн баарынан маанилүүсү, чыгармачылыктагы эркиндикпи же тез атактуу болуубу деп ойлондум? Кантсе да, тез эле кандай атак-даңкка жетүү үчүн кымбат акча төлөшүң керек (келишимдин шарттары, өзүңдү ыңгайлуу сезбеген образдар жана чыгармачылыкка кийлигишүү). Мен бул кырдаалдан белгисиз сүрөтчү бойдон калуу идеясынан көбүрөөк коркуп, катышуудан баш тарттым” – дейт ырчы.

Маалымдама:

Warner Music Russia – орусиялык компания, 1958-жылдан бери көптөгөн ондогон жылдар бою ийгиликтүү иштеп келе жаткан, өзүнүн музыкалык басмаканасы бар дүйнөдөгү эң ири рекорддук компаниялардын бири болгон Warner Music Groupтун дүйнөлүк эл аралык түзүмүнүн бөлүгү. Алар Егор Крид, Maruv, Little Big, Cream Soda, Big Baby Tape жана башка көптөгөн ырларды чыгарышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: