Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Москвада мамлекеттен кредит алып, аны төлөбөй 16 жылдан бери жашырынып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-январь күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде Москва шаарында кылган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 1972-жылы туулган Т.А. аттуу жараны кармалган.
Аталган жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 185-беренеси (мамлекеттик кредитти максатсыз пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу изин жашырып жүргөн.
Кармалган жаран 2004-жылы мамлекеттен товардык кредит түрүндө 40 тонна буудай алган. Товардын жалпы суммасы 379 500 сомду түзгөн.
Т.А. аттуу жаран товарды алгандан кийин акча табуунун жолун издеп, мыйзамсыз баюуну каалап, белгисиз адамдардар менен иштешип, мамлекеттик кредитти максатсыз пайдаланган.
Узак убакыт аралыгында ага Кыргызстандын аймагында бир нече жолу издөө жарыяланып, тергөө органдарына жеткирилген. Бирок, 2013-жылы ал кайрадан изин жашырып кеткен. Ошол убакта ал үч жолу издөөгө алынган. Маалыматтар боюнча кармалган жаран тарабынан мамлекетке 714 000 сомдон ашык (бардык салык, туумдарды кошкондо) материалдык зыян келтирилген.
Азыркы учурда кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ