Menu

КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Сеулда БУУнун мурунку Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 9 апрелде Сеулда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелованын Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку Баш катчысы Пан Ги Мун мырза менен жолугушуусу болду. Учурда Пан Ги Мун мырза жашыл ɵсʏш боюнча глобалдык Ассамблеянын Президенти жана туруктуу ɵнʏгʏʏ Борборунун Глобалдык катышуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ жана укуктарды кеңейтʏʏ Институтунун ардактуу Президенти болуп эмгектенет.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын Элчиси жашыл ɵсʏш боюнча глобалдык Институттун демилгеси менен ар кандай туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кызыгуусун билдирди.

Муну менен катар эле Элчи Д.Кемелова Кыргыз Ɵкмɵтʏнʏн Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери менен туруктуу ɵнʏгʏʏдɵгʏ глобалдык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш аракеттери жɵнʏндɵ маалымат берди. Тактап айтканда мамлекеттин алдында бир топ орчундуу максаттар турат, алардын катарына тɵмɵнкʏлɵр кирет: элди таза суу, кымбат эмес жана таза энергия менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, жакырчылыкты жана ачкачылыкты жойуу, ɵзгɵчɵ Кыргызстандын алыскы аймактарында.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөӊгүлөрдүн жоголушу жана табигый кырсыктарга дуушар болуу коркунучу алдында турат.

Пан Ги Мун мырза Кыргыз Республикасында эки жолу болгонун айтып, Кыргызстандын кооз табиятын эч качан унутпай турганын баса белгиледи.

Элчи Д.Кемелова жана Пан Ги Мун мырза жогоруда белгиленген тармактардагы кызматташуу боюнча пикир алмашышты, ошондой эле Корея Республикасынын Жогорку окуу жайларында жана Глобалдык институттарында кыргызстандык студенттердин жана изилдɵɵчʏлɵрдʏн санын кɵбɵйтʏʏ жɵнʏндɵ дагы ой бɵлʏшʏштʏ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: