Menu

Алманбет Шыкмаматов: “Мен керек болсо спецслужбалар билбеген маалыматтарды билем, бийликтин 4 партиясынын тизмесинде азыр эле бош орун калган жок”

Бөлүшүү:

Экс-атамекенчи Алманбет Шыкмаматов журналист Майраш Базлакунованын youtube каналына берген маегинен тексттик үзүндү жарыялайбыз:

-Кийинки шайлоо олигархтардын шайлоосу болот деп өзүңүз айттыңыз эле, андай болсо, чоң акча менен шайлоо өтө турган болсо, сизде акча жок болсо, бул идеяңыз үчүн же сиздин башка жасаган иштериңиз үчүн эле электорат добуш берет деп ойлойсузбу?

-Мен эптеп эле депутат болуш керек деп ойлогонумда жанагы айтып жаткан бийликтин 4 партиясына тең кирүүгө мүмкүнчүлүгүм бар.

-Алар чакырып жатышабы?

-Чакырган жок, бирок мен барып жакшылап суранып, жылуу сөзүмдү айтсам, мына азыр деле мүмкүнчүлүк бар. Бирок мага эптеп эле депутат болуп келип олтуруш максат эмес… Биздин коомго баары бир оппозициялык күчтөр керек, мен ошолордун арасында болом. Анткени оппозициялык партиялардын тизмелеринде бош орундар бар. Ал эми мен айткан бийликтин 4 партиясынын тизмесинде азыр бош орун чын эле жок. Мен маалыматты азыр…

-Ар кайсы булактардан алып жатасыз да?

-Керек болсо “спецслужбалар” билбеген маалыматтары билем да…  Азыр бийликтин 4 партиясынын тизмесинде бош орун жок, ошого карабай дагы чуркаган кишилер болот. Ал эми оппозициялык маанайдагы партиялардын тизмесинде бош орундар толтура. Эч ким келбейт…

Эсиңиздерге сала кетсек, Алманбет Шыкмаматов буга чейин: “Мен шайлоого барам, бирок азырынча кайсы партия экенин айта албайм. Жакында билесиңер. Мен парламенттик шайлоого оппозициялык партия менен келем. “Ата-Мекенди” таштап, анан тиги бийликке бармак белем, оппозициялык партия менен келем. Бийликтин, президенттин партиялары – бул “Биримдик”, Матраимовдун партиясы “Мекеним Кыргызстан”, Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясы, Жанар Акаев жетектеген КЛДП деле бийликтин партиясы, мен мына ушул 4 партия менен шайлоого барбайм”, – деп билдирген журналист Майраш Базлакунованын “Сизди Жанар Акаев жетектеген КЛДП партиясы менен шайлоого барат деп жатышат, ушул чынбы?” деген суроосуна жооп берип жатып.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: