Menu

Чубак ажы Жалилов: “Экөөнүн акылдуусу биринчи кадам таштайт…”

Бөлүшүү:

– Экс-президент Атамбаев менен президент Жээнбековдун элдешүүсүнө диний көз караштарга кандай аргументтерди келтирсе болот?

– Азирети пайгамбарыбыз Алейхи салам мусулман пендесине «өз диндеш бир тууганын үч түндөн ашык сүйлөшпөй, байланышпай, таарынышып, өчөгүшүп, таштап коюусу арам, адал эмес. Бири-бирине жолуккан учурунда экөө тең тетири карашпасын. Бу экөөнүн эң жакшысы – биринчи ийге келип салам бергени» дейт. Бул имам Бухарийде №5727, ал эми муслимде 2560-номур менен келген хадис. Экинчи бир хадисинде «үч күндөн ашык тирелишип, таарынышкан адал эмес, арам. Ким үч күндөн ашык таарынышып, тирелишип келишкен боюнча аркы дүйнөгө сапар тартса, сапар алса – барар жери тозок болор» деди пайгамбарыбыз Абу Дабудда 4914-хадис, Ахматта 9092-хадис менен келет. Мына ушул эки хадис эски падыша, жаңы падыша экөө тең мусулман, экөө тең момун адамдар, буларга тиешелүү жана баардык момун мусулмандарга тиешелүү. Үч күндөн ашык кандай гана өчөгүшүү, кандай гана таарынычтар болбосун, кечиришүү милдеттүү болот. Болбосо, анын акыбети жакшы эмес болот. «Экөөнүн акылдуусу – биринчи кадам таштаганы» деп пайгамбарыбыз бу жерде айтып берет. Кудай Таалам баардыгыбызды туура жолго салган болсун.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: