Menu

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бир апта ичинде жарыяланат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда добуштарды кол менен эсептөө жүрүп жатат.

Кадыров чет өлкөдөгү жана өлкө ичиндеги калган үч участоктогу добуштар шайлоо жыйынтыгына көп таасир тийгизбей турганын, жакынкы беш күнгө чейинки аралыкта бул процесс аяктарын кошумчалады.

– Болжол менен 5-7 күн аралыгында шайлоонун расмий жыйынтыктарын айтып калабыз.

БШКнын маалыматына караганда, ушул тапта 99 пайыз участкадан маалыматтар келди. Чет өлкөдөгү 37 жана Кыргызстандагы 3 шайлоо участкасынан автоматтык эсептөөчү урнадагы чектердин маалыматтары келе элек.

Алдын ала жыйынтык боюнча талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,81 пайыз, Өмүрбек Бабанов 33,74 пайыз добушка ээ болду.

Жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны добуш берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: