Эртең, 16-октябрда КР Президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыктары боюнча журналисттерге жана коомчулукка маалымат жыйын өткөрүп, расмий билдирүү жасайт. Бул тууралу Бабановдун шайлоо штабынан билдиришти.
“Азыр штаб тарабынан добушту автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктары боюнча дал келбегендиктерди, мыйзам бузууларды жана жалпы эле мыйзамсыз фактыларды иликтеп жалпылап жатабыз” деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ