Menu

Эки сүйлөгөн Токтогазиев. Бийликке жеткенден кийин көз караштар өзгөрүп кетеби?

Бөлүшүү:

“Митингдерге чыгып кыйкырып, башаламандык уюштуруунун эмне кереги бар?” – деп билдирди Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев мамлекеттик “Биринчи радионун” эфиринде.

Бул сөз министрликтин республикадан айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн, атап айтканда, жылкыларды, бодо малды, койлорду, эчкини, тоокту, өрдөктү, казды, үндүктү экспорттоого тыюу салганына нааразы болгон малчыларга карата айтылган.

Токтогазиев өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынан талапкер болгон, ал 5-октябрдагы митингдин активдүү катышуучусу болгон. Тилек Токтогазиев министр болуп дайындала элекке чейин, өзү да Бишкектеги октябрь айындагы митингдерге чыгып, аянтта кыйкырып сөз сүйлөп, өкмөт башчысы болом деп да чыккан. Натыйжада, ал Айыл чарба министрлигинин жетекчиси болду. Өзү митингдерде кыйкырып жүрүп, бийликке келгенден кийин эле митингге чыккандарды сындап, көз-карашы өзгөрүп кетеби?

Белгилей кетсек, 2019-жылы мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткенден кийин жаш ишкер Тилек Токтогазиев министрликке  өз талапкерлигин сунуштап, министрликти реформалоонун жолун биле турганын айткан. Ал кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба министри кызматына Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунушталган. Жыйынтыгында, экинчиси министр болуп дайындалган. Тилек Токтогазиевге айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары кызматы сунушталган. Ал “5 жыл министрликте орун басар болуп иштеп реформа кыла албаган адамдын кол алдына кызматка барбайм” деп кызматтан баш тарткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: