Бүгүн, 25-июлдун кечинде Алмаз Атамбаев Москвага болгон сапарынан Канттагы Россиянын авиабазасына кайтып келип, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
-Cиз менен жолугушкандан кийин Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандыктардын баары азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиш керек деди, сиз ал бириккендердин арасында болосузбу?
–Эми мындай да, биригиши керек дегени менен, ал анын каалоосу эле да, урматтуу Владимир Путин же Трамп «биригиши керек» деп айтабы анын өзүнүн мезгили бар. Мен Владимир Путинге “ошол мезгил өтүп кетти” деп айттым. Бирок “Сооронбай Жээнбеков аракет кылып көрсүн” дедим. Элди бириктирүү, элдин биримдигин сактоо ишин биринчи күндөн башташ керек болчу», – деп жооп берди Алмаз Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ