Бир сутка ичинде коронавирустан айыккан 15 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккан 15 адам төмөнкү аймактарда катталган:
Бишкек шаары – 4 адам,
Нарын облусу – 1 адам,
Ош облусу – 4 адам,
Ош шаары – 6 адам.
Муну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 216га жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ