Menu

Жанара Чынгышова, дизайнер: “Азыр жаш дизайнерлер көбөйүп, атаандаштык күч”

Бөлүшүү:

– Жанара, алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?

– 1987-жылы Бишкекте төрөлгөм. Ата-энем Нарын облусунун Эмгекчил айылынан болот. Алты жашымда мектептин босогосун аттагам. Мектепте окуп жүргөндө математика сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Кийин сүрөт тартууга кызыгуум артты. Кичине кезимден эле чоң кыздардын кооз көйнөк кийген сүрөттөрүн тартсам апам урушуп калчу. Апамдан тил укканыма карабай сүрөттөрдү тартып жүрүп, дизайнер болууга аябай кызыгып кеттим. Мектепти аяктагандан кийин Политехникалык окуу жайга программист бөлүмүнө тапшыргам. Окуп жүрүп Түркияга, Кытайга дизайнер болуп иштөө үчүн кеткем. Ал жактан иштеп тажрыйба топтоп, кайра келип окуумду жогорулатып, дизайнер болуп иштеп баштадым. Чынын айтсам, дизайнерлик кесипти абдан жакшы көрөм, жүрөгүм менен сүйүп иштейм. Анткени мыкты кийимдерди элге тартуулоо, аял затынын сулуу, келбеттүү болушуна өз салымымды кошуу менин бала чактагы кыялдарымдын бири болчу. Кудайга шүгүр, ата-энемдин колдоосу менен өз коллекциямды жасап, кийимдерди тигип сатыкка коюп бала чактагы кыялым орундалды.

– Тиккен көйнөктөрүң бири-бирине окшобойт. Ар бир көйнөктүн өзгөчө болуп тигилиши үчүн ар кандай фасондорду ойлоп табыш керек го? Сен идеяны кайдан аласың?

– Башында кантип тиксем деп ойлоно берчүмүн, азыр андай ой жок. Себеби менин тиккен кийимдерим бири-бирине окшобойт. Ар бири өзгөчө. Ал үчүн көп деле изденбейм. Идея өзүнөн-өзү жаралат. Өз ишиме кылдат, аяр мамиле жасайм. Баарынан биринчи сапатка көңүл бурам. Бир көйнөк болсо да сапаттуу, мыкты, көз жоосун алгандай кооз болушун каалайм. Ошондуктан кийимдер аябай көп эмес.

– Азыр силер тиккен кийимдер дүкөндөрдө сатыкта барбы? Баалары элдин капчыгына туура келеби?

– Түркияда, Кытайда деле иштеп калып калууга мүмкүнчүлүктөр бар болгон. Бирок мен өз мекенимдин патриомун. Өз мекениме кызмат кылууну чечтим да, тажрыйба топтоп келдим. Кудайга шүгүр, азыр бир топ сатуу борборлорунда өз дүкөндөрүбүздү ачууга жетиштик. Жаңы баштаганда “Дордойдо” гана сатыкка чыкчу. Андан кийин “Караван”, “ЦУМ” соода борборлоруна ачтык. Кыргыздын оюу-чийүүлөрү түшкөн азем көйнөктөрдү ырчылар эле тойлордо же чоң кызматтагы айымдар гана кийбестен, жалпы кыргыз аял заты кие алсын деген максатта этно стилдеги кийимдерге басым жасап жатам. Оштогу айымдардын суранычы боюнча Ошто да кийим сата турган дүкөн ачканбыз. Ооба, бул кийимдердин баалары бир топ кымбат. Элдин социалдык абалы да ар кандай. Баары эле кымбат баалуу кийимдерди сатып ала албайт. Ошону эске алып, мен болушунча арзан кылганга аракет кылам. Бирок бизде да шарт аз. Анткени дүкөндөрдүн баарына ижара акы төлөйбүз, материалдар, жиптер абдан кымбат. Негизи эле сапаттуу көйнөктөрдү тигүүгө эле канча деген эмгек жумшалат. Ошондуктан мындай көйнөктөрдүн саны абдан аз. Булар кайталангыс кийимдер.

– Азыр кыргыз кийимдерге суроо-талап кандай?

– Мурда бизде атаандаштык жок эле. Азыр жаш дизайнерлер көбөйүп, атаандаштык күч. Анан да мурдагыга салыштырмалуу суроо-талаптар азайды, башкача айтканда кыргыз кийимдери модадан калды. Улуттук оюу-чийүүлөрдү баалаган, кийимдин сапаты менен кооздугуна кызыккандар гана сатып алып калышты.

– Буга чейин өз коллекцияң менен бир топ мода жумалыктарына катышып келдиң эле, азыр да эл аралык сынактарга барып жатасыңбы?

– Өзүмдүн коллекциям менен бир топ сынактарга, мода жумалыктарына катыштым, чет жерде өткөн фестивалдарга барып алдыңкы орундарды алдым. Ийгиликтер көп эле болду. Бирок азыр мен андай сынактарга катышпай калдым, катышуудан баш тарттым. Азыр эл аралык чоң сынактарга катышууга аракет кылып калдым. Учурда Кытайда өтө турган эл аралык сынакка барганы жатам. Буюрса, ийгилик жылмаят деп ишенип турам.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: