Menu

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус илдетинин алдын алалы!

Бөлүшүү:

Коронавирусту жолотпоочу азыктар-илдеттин алдын алуунун негизги өзөгү. Бактерия, вирус менен жакшы курөшкөн азыктардын алдыңкы сабында сарымсак турат. Е витаминине бай миндаль да иммундук системаны жакшыртат. Кара моюл болсо дем алуу органдарын коргойт. Испаниянын медиктери кара моюл (черника — ред.) менен сарымсакты көбүрөөк колдонуу иммунитетти көтөрүүгө жардам берерин айтышты.

С витаминине бай азыктар

С витаминин камтыган цитрус жемиштеринин пайдасы өтө зор. Апельсин, лимон, ананас жемиштерин мүмкүнчүлүк болсо күнүмдүк тамак-ашка колдонуңуз. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз. Ит мурун С витамининин көптүгү жагынан мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ит мурундун тундурмасы, чайы жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууда эң пайдалуу. Азыктарды ачытууда С витамини жакшы сакталат. Тоңдурулган мөмө менен жашылчаларды эриткенде С витамини туруксуз болуп калат, ошонду ктан эриген продуктуларды тез тамакка колдонуу керек. С витамини жазында көк пиязда жана бул витамин жакшы сакталуучу консерваланган кээ бир азыктарда, мисалы, томат-паста, көк буурчакта көп болот.

Сарымсак

Окумуштуулар сарымсакты тамакка көбүрөөк кошуп жеген адамдар рактын айрым түрлөрүн, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана кант диабетинин алдын аларын иликтеп чыккан. Бул туурасында РИА Новости агенттиги Trends in Pharmacological Sciences журналына шилтеме берип жазган. Учурда дүйнөнү каптаган коронавирустун алдын алуу үчүн дагы сарымсак эң жакшы каражат. Сарымсактын курамы пайдалуу заттарга бай. Сарымсактын курамындагы заттар клетканын деңгээлинде физиологиялык жана биохимиялык процесстерге таасир этип, аларды жөнгө салууга жардам берет.

Бадам

Е витаминине бай бадам да иммундук системаны жакшыртат. Бадамдын жашообузда даарылык касиети чоң. Алар ачуу жана таттуу болуп экиге бөлүнөт. Сыртынан экөө окшош, бирок ачуу бадамдын данеги ачуу болот. Ал кээ бир ооруну айыктырууга салым кошот. Терини чымыр, өз калыбында жакшы кармоого жардамы чоң. Бал менен кошуп жесе, боордун иштешин жакшыртат. Ал эми жөтөлдөн арыла албай жаткандар үчүн ачуу бадам өтө пайдалуу.

Кара моюл (черника)

Кара моюл болсо дем алуу органдарын коргойт. Кара моюл өзүнүн каралжын-көк түсү менен – полифенолдордун – күчтүү кошулмаларына милдеттүү, алар ага антиоксиданттык жана куруштуруучу касиеттерин берет. Кара моюл (Черника) өзүнүн таттуу жана ширелүү даамы менен андагы жогорку санда камтылган канттарга милдеттүү, ал эми алардын витаминдер менен айкалышы бул жемишти териге камкордук көрүү үчүн пайдалуу нымдаштыруучу ингредиент кылат. Кара карагат муундарды бекемдейт, кан басымды түшүрөт жана жугуштуу оорулардын алдын алууда эң жакшы дары болуп эсептелинет.

Тоок шорпо менен картөшкө

Мындан сырткары, дарыгерлер тооктун же үндүктүн шорпосун көп ичүүнү сунушташты. Таттуу картөшкөдө (батат — ред.) бета-каротин витамини болсо, брокколи витамин, минерал, клечаткага бай.

Мындан тышкары…

Тизмеде козу карын, кара шоколад, цитрус, анар, киви, шпинат бар. Деңиз жана дан азыктары да витаминдүү келет.

Иммунитетти бекемдөөгө имбирь жана куркума жардам берет. Суусундуктардан кефир менен көк чай миңдин бири экени айтылды.

Салттуу медицина

Коронавирус жуктуруп алгандардын 85 пайызы Кытайда катталган. Ошондуктан дары-дармектен сырткары кытайдын салттуу медицинасынын дагы каражаттарын колдонуп жатышат.

Кытайдын Илим жана технология министрлигинин маалыматы боюнча, салттуу медицина аркылуу 60 миңге чукул киши Соvid-19 инфекциясынан дарылоодон өтүүдө. Кытайлык басылмалар ооруканадан жана элдик дарыгерлерден удаа дарыланып жаткан бейтаптар батыраак айыгып жатат деп жазууда. Маселен, Ханчжоу шаарында 88 жаштагы бейтапты ушундай жол менен айыктырышкан. Кытай салттуу медицинасынын дарылоо формуласына расмий түрдө уруксат беришкен. Салттуу медицинадагы дары-дармектер негизинен чөптөн жасалат. Анын ичинде ийне жалбырактуу өсүмдүктөр жана кызыл мыянын тамыры дагы бар.

Өзүңдү- өзүң изоляция кыл!

Коронавирустун пандемиясы жаңы сөздөрдү коддонууга киргизди. Адардын бири -«өзүн изодяциялоо». Башкача айтканда, үйдөн чыкпай олтуруу.

Соvid-19 симптомдору: көптөрдө оорунун белгилери кургак жөтөл жана температура аркылуу байкалууда. Мурун бүткөн учур беш пайызында гана болгон. Ток этерин айтканда, илдетти жуктуруп алганыңызды лабораториялык тест аркылуу гана билүүгө болот.

Өзүңду изоляцияда кармап жатканда, бөлмөнү, ашкананы таза кармап, атайын каражаттар менен жууп тур. Башкалар менен байланышуудан оолак болуңуз. Сүйлөшүп калсаңыз, эки метр аралыкты карманыңыз. Бөлмөдө жалгыз жатып уктаңыз.

Үйдө башкалар дагы жүргөн болсо, аларга кеминде колдорун таза, самындап жууп турууну эскертиңиз. Анализдин жыйынтыгы келгенге чейин таштандыларды өзүңүз жаткан бөлмөгө чогулутуп, ыргытпай туруңуз.

Колду туура жууп туруу – кандай гана инфекция болбосун алдын алат.

Антисептикалык каражаттар деген эмне?

Антисептикалык каражаттар — оору козгогуч микроорганизмдерди өлтүрүүчү же алардын өсүшүн жана көбөйүүсүн токтотуучу химиялык бирикмелер. Жарааттарды, тытылган жана күйгөн жерди тазалоо үчүн, ошондой эле теринин ириңдүү ооруларын дарылоодо; турак жайды, ич кийимдерди, шейшепти, оорулууга тиешелүү буюмдарды дезинфекциялоодо, ошондой эле хирургия практикасында (Антисептика, асептика) колдонулат. Медицинада хлордун (хлорамин, пантоцид жана башка), йоддун (йоддун спирттеги эритмеси, Люголдун эритмеси, йодоформ жана башка) бирикмелери, суутек өтө кычкылы, калий перманганаты, кээ бир органикалык кислоталар (бор, салицил, карбол кислоталары) жана негиздер (нашатырь спирти, ичилүүчү сода, сымаптын (кеперез, сымап майлары жана башка), күмүштүн (албарс, протаргол жана башка), коргошун, алюминийдин (Буров суюктугу жана башка) бирикмелери, спирт жана формалин, кара май, кээ бир боёктор (метилен көгү, бриллиант жашылы жана башка) колдонулат.

Антисептик каражаттын өзгөчө тобун сырттан сыйпалуучу антибиотиктер (грамицидин жана башка) жана татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдөгү (мисалы, сарымсак, пияз, хрен, теңге гүл) фитонициддер түзөт.

Кээ бир антисептик каражаттар (мисалы,этил спирти,уксус жана сүт кислотасы) тамак-аш продуктуларын консервалоодо колдонулат. Алар кишиге зыянсыз өлчөмдө эритме түрүндө продуктуларга кошулат. Антисептик каражаттар продуктуларды жакшы сактоого гана жардам бербестен, аларга өзгөчө жыт жана даам берет (мисалы, уксус кислотасы).

Антисептик каражаттарды үй шартында жасайбыз

96% этил спиртин орто өлчөм менен 833 млге 3% суутек кычкылынын 42 мл өлчөп аралаштырып, ага 98 пайыздуу глицериндин 15 мл кошуп, анан бир аз өлчөмдө кайнатылган суу кошуп аралаштырсаңыз антисептикалык каражат даяр болот. Бирок аралашма 72 саат туруусу керек. Микроб менен бактерияларды өлтүрүүчү каражатты колго жана тырмактын астына кем дегенде 30 секунд сүйкөө талап кылынат.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: