Бу Эмилбек Каптагаев деген аткаминер дегеле кызматка тоёбу деги? Барган жеринде эч нерсени кыйратпаса да, кызматтан кызматка көтөрүлүп эле жүргөнү жүргөн. Өкмөт башчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү катары да жарытылуу иштебеди. Кылган иши элте жакпай, көлдүктөрдүн колунда барымтада да болуп чыкты. Айтымда, ал Ысык-Көл облусунун бийлигин бийлеп турганда, убактысынын көбүн кекилик, элик атып, аңчылыкка чыгуу менен өткөргөнүн ошол эле жанында жүргөндөр кеп кылып жүрүшөт. Кызматтан кеткенден кийин бир аз тыныгуу алып, эми кайра кызматты эңсеп, Акүй, Көкүйдүн эшиктерин каккылап, элчиликтердин бирин сурап жүргөнүн билдик. Сыягы, бул жакта жетекчи катары эч нерсени кыйратпаган жаңы элчиликке барып, эч нерсени кылбай, эл көрүп, жер көрүп, маянаны алып гана жата бергиси бар го. Же КРнын Сауд Арабиядагы элчилигинде иштеген баласынын артынан атасы да элчиликке барып, бизнес менен шугулдангысы барбы? Ким билет, балким, элчиликте иштеп бизнес кылуу жагынан атасына кө нерселерди үйрөтүп койгондур…
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ