Menu

Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 5 балалуу жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Ош облусунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Абдылда Исламовдун демилгеси менен Баш-Булак айылындагы беш балалуу жалгыз бой эне Жийдегүл Батыровага жардам берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага айылдык аксакалдар кеңешинин мүчөсү Анарбай Сатаров, жаштар кеңешинин өкүлү Руслан Осмоновдор катышты.

«Жалгыз бой эненин жодошу бир нече ай мурда жол кырсыгынан улам каза болгон. Балдарынын улуусу 4-класста, кенжеси 4 айлык наристе болгондуктан учурда жардамга мутаж. Андыктан бул үй-бүлөгө айылдагы “Ислам-Нуру” мечитинин жамааты акча чогултуп, 5 миң сом өлчөмүндө азык-түлүк жана балдарына кышкыга жылуу кийимдерди сатып алып бердик. Ошондой эле мечит жамааты менен кеңешип, мындан ары бул үй-бүлөгө ай сайын ушундай эле жардам берүүнү убада кылдык», -деди А.Исламов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: