Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аскердик-саясий абалдын өзгөрүшү ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн эл аралык жана аймактык коркунучтар менен чакырыктарга каршы ыкчам чараларды ишке ашыруу, бекемдөө боюнча чоң жоопкерчиликти талап кылууда.
Бул тууралуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу учурунда билдирди. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында өттү. Жыйынга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары – Владимир Путин, Серж Саргсян, Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахмон жана Алмазбек Атамбаев катышты.
Рахмон мындан тышкары Тажикстан менен Ооганстандын мамлекеттик чек арасын бекемдөөгө маани берүү терроризм, экстремизм, маңзат аткезчилигине каршы күрөшүүдө маанилүү чара экенин баса белгиледи.
ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа Ооганстан менен чектеш аймакта туруктуулукту камсыздоо үчүн Тажикстанга жардам берүү маселеси талкууланганын билдирди.
ЖККУ 1992-жылы 15-майда КМШга мүчө өлкөлөр ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Альянска Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан 2012-жылы уюмдун катарынан чыгып кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ