Menu

Эдил Байсалов: “Сооронбайды премьерликтен айдаган Атамбаевтин эки жүздүүлүгү так, даана байкалып калды…”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, укук коргоочу, качан болбосун чындыкты бетке айткан Эдил Байсалов менен кечээ кызматын тапшырып, бүгүн президенттикке ат салышууга камынып жаткан Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгү, кандай премьер-министр болгону боюнча баарлаштык.

-Эдил мырза, Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматын тапшырып, президенттикке аттанды. Ал өкмөт башчы болуп кандай иштеди?

– Сооронбай акебиз премьер-министр болгонун деле жакшы сезе алган жокпуз. Ал киши өзүн жакшы көрсөтө алган жок. Кенен-кесир баса алган жок. Жээнбеков гана эмес, дегеле бизде акыркы бир канча өкмөт башчыбыз премьер-министр аты эле болбосо, заты жөн эле бир көлөкө болуп жүрүштү байкуштар. Кызганчаак президентибиз премьерлерди сырткы визиттерге да жөнөткөн жок, ээн-эркин мекенинде да бастырбады. Эми, элестетсениз, бир дагы жолу биздин премьер башка өлкөгө эки тараптуу визит менен барбаптыр, акыркы эле Стамбулга жеке ишкер “Манас”эстелигин ачканын эсепке албасак. Дайыма саммиттерге эле барып жүрдү. Эми жанагы бүт ислам мамлекеттери менен Сауд падышасы Дональд Трампты тааныштырып атканда дагы, бүт жерден президент менен премьерлер барса, бизден баягы Абулгазиев катышты. Ошол жерде Сооронбай аке Назарбаев менен Мирзиеевдин жанында бакылдашып турса – бүгүнкү күнү жок эле дегенде 20% көбүрөөк колдоого ээ болмок, ал жөнүндө эч күмөн жок. Эми ар кандай айта  берсе болот, бирок мага Атамбаевдин “сиз эң ийгиликтүү премьер болдуңуз” деп коштошкону мага кызык угулду. Эң ийгиликтүү болсо, анан эмнеге мөөнөтүнөн мурда кубалайт? Отставкага  кетирбей, отпускага эле жөнөтпөйт беле шайлоо учуруна.

Атамбаев өзү 2011-жылы президентке шайлангандан кийин дагы кайтып келип инаугурацияга чейин эки жума премьер-министр болуп иштеген. Сооронбайды премьерликтен айдаган Атамбаевтин эки жүздүүлүгү так, даана байкалып калды.

– Сооронбай Жээнбеков өрт өчүргүч катары чыккан маселени чечүү менен алек болдубу же эч ким менен конфликтке барбай чарбачылдыгын көрсөттүбү?

– Жээнбековго башынан эле ушул акүйдөгүлөр Атамбаев баш болуп “сен өтө эле жоошсуң, кардуу бол”деп дайындашкан. Анан ошол кичине характерин көрсөтөм деп жатып, “чык эшикке” деген тамашаны жарата алды, кайран биздин премьерибиз.

Ошону менен элдин түбөлүк эсинде калды го дейм. Андан сырткары бир дагы проблеманын түбүнө жете алды деп айтууга болбойт. Анткени, бир жыл деген мөөнөт бул премьер үчүн эмес, кароолчу үчүн дагы аз убакыт. Бир жылда эмнени аткара алмак эле? Азыркы жетишкендиктин жана  катачылыктын баардыгы биз мурункулардыкын жеп атабыз. Сооронбайдын чечимдеринин натайыжаларын биз күзүндө, эмки жылы көрө баштайбыз.

– Сооронбай Жээнбековдо президент болчу шансы барбы?

– Шанс, албетте, бар. Эң эле жогору шансы бар. Бирок, бул кишинин жаңылганы “мен Атамбаевдин курсун улайм”- дегени. Жаңы Атамбаев болом десе, биз эскисин деле кетиртпейбиз анда. Бизге копиянын эмне кереги бар! Элдин болсо басымдуу көпчүлүгү Атамбаевден жана анын  сюрприздеринен чарчады. Биз жаңыланууну эңсөөдөбүз. Сооронбай аке азыркы башаламандык жана Тажикистандан да артта калганыбыз менен мактанат экен. Ал сөз биздин көпчүлүк жаштарга жана шаардык орто классыбызга жакпайт. Эл жаңы жана чечкиндүү кадамдарды күтүүдө.

– Айрым аналитиктер Сооронбай Жээнбеков президент да болбойт, премьер да болбойт эки кызматтан тең куру жалак калат деп болжоп жатышат. Ишенсек болобу?

– Чынын айтсам, мен деги гороскопко ишенбейм. Бирок бул киши башка күн калбай калгансып “отставкага кетпе, отпускага эле кет” дегенибизди укпастан, өзүнүн отставкасын 21-августта – күн тутканда тапшырды. Бул күндө падышалардын тагдыры чечилет тарыхта, бир канча он жылга жаңы доор башталат. Мен “аттиң, ушуну менен чоң бийликтен колуңузду жуудуңуз”деп талдадым.

– Акыркы мезгилдеги биригүүлөрдүн баары Сооронбай Жээнбековго каршы түзүлүп жатабы же президенттин экинчи мураскери аталып жаткан Бабановго каршы түзүлдүбү?

– Менимче азыркы беделдүү саясатчылардын эч кимиси Жээнбековду колдоого албайт. Анткени, алардын баардыгы Атамбаев менен келишпес душман. Жээнбеков болсо “мен Атамбаевдин саясатын улайм, ал киши тур десе турам, жат десе жатам”деп айтып жүрөт. Ошондуктан, каалайбызбы же каалабайбызбы биз баары бир аягында Жээнбековго каршы бирикмей болдук окшойт.

– Эмне үчүн коомчулукта “Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановду колдобош керек” деген кептер тарай баштады? Бул экөө тең президент ишенген адамдар болуп жатканы үчүнбү же чындап эле Кыргызстан үчүн коркунуч келтирчү адамдарбы?

– Андай пикирди мен деле уктум. Айта берсек сөз көп ар бир талапкер жөнүндө. Бирок кыргызда “чуркагандыкы эмес, буюргандыкы”дейт го. Ошондуктан ушул экөөнө эң чоң шанс берилиптир, биз канча жаман же жакшы көрөбүз, бул факт. Ошол факт менен эсептешибиз керек.

– Төртилтикке дагы кимдер кошулушу мүмкүн?

– Эми ал “квартет” азыр жарылайын деп калды – “жүздет” болду болуш керек. Бүт мурунку экстер чуркап барып, кошулумуш болуп, бир должность алып калайын деп азыр уйку келбей, кыялданып жатышат. Бирок, албетте, алардын баардыгы жаңы бийлике батышпайт. Таарынгандар,  даттангандар, ачуулангандар толтура болот го дейм эмки жазында. Алардын арасынан баягыдай коркутмалар, кетсинизимдер дагы чыгышы ажеп эмес. Бирок биз эл ошол эски чоңдорду ойлобой, элдин келечегин ойлойлу, шайлоодо өзүбүздүн түпкү кызыкчылыгыбызды унутпайлы, буларга алаксыбай.

– Текебаевди шайлоого катыштырабы же көрүнгөн шылтоону айтып, камап тынабы?

– Албетте, катыштырбайт. Башынан эле белгилүү. Шаардык сот 15-октябрга чейин Текебаевди кесет. Ошону менен ал президенттик талапкер статусунан гана эмес, өзүнүн депутаттык мандатынан да ажырайт. Бирок, булар ал кишини жолотпойбуз деп атышып, катуу шерменде болушту. Жанагы тил сынакка эчак эле киргизип коюшса болмок. Көк мээ экен чын эле мобуларың. Мурун таң калып аттым эле, азыр түңүлүп калдым. Кыргызды эртең сат десе, сата турган чыккынчылар арабызда бар экенине ишендим. Мурунку оорубуздан кутулдук десе, элдин  эркиндигин муунтууга даярлар баягыдай эле жетиштүү тура.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: