Абакта отурган адам баатыр. Алмаз жерин, элин саткан жок. Бул тууралуу экс-президенттин кайын энеси Гүласал Теңизбаева алып баруучу Назира Айтбекова менен баарлашып жатып билдирди.
“Кызым Алмаз менен Москвадан таанышкан. Ошол жактан баш кошуп, балалуу болушту. Тагдыр экен. Экөө эки жолго түштү. Экөө ажыраса дагы, балдарга жакшы тарбия беришти. Алмаз балдарын карап, жардам берди. Кыргыздын билимин алган эр азамат болуп чоңоюшту. “Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” – дегендей бул балдар элден бата алып жүргөн. “Ырахмат Атамбаевге, жакшы балдарды тарбиялаптыр” деген ой-пикирлерди дагы угам. Алмаз Атамбаев белектерди берип турат жана куттуктоо дагы жөнөткөн. Ал куттуктоону окуп алып, ыйладым. Азыркы болуп жаткан кыйынчылык бул сыноо, тагдыр. Абакта отурса дагы ал баатыр. Элин, жерин саткан жок”, – деди Гүласал Теңизбаева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ