Menu

Ала-Тоо аянтында кайрадан коррупцияга каршы митинг өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрь күнү кайрадан коррупцияга каршы митинг болот. “REакция 2.0” аталышындагы митинг саат 11:30да Ала-Тоо аянтында болоору пландалган. Бул тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда кеңири жайылууда.

“REакция 2.0”  митинги 26-ноябрь күнү өткөн “REакция” митингинин уландысы. Алгачкы тынчтык митингинде катышуучулар, активисттер өлкө башчысынан жана укук коргоо органдарынан “Азаттык”, “Клооп” жана OCCRPнин журналисттери менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылган фактыларга реакция кылууну талап кылышкан.

“REакция 2.0” митингин өткөрүү идеясы Райымбек Матраимовдун, анын агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык “Исмаил ата” коомдук фонду “Азаттык”, “Клооп” жана “24.kg” басылмаларын сотко бергенден кийин келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: