Menu

ЖКда төрага Жумабековго ишеним көрсөтпөө сунушталды

Бөлүшүү:

Коомчулукта ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун ишмердигине баанын берилиши бир топтон бери эле чоң талкууну жаратып келет. Өкмөт менен жүргүзүлгөн кагаз түрүндөгү каттарындагы каталардан башталган нааразычылык, кийин чет элге баргандагы барандуу жолугушуулардагы анын орус тилинде жазылган даяр тексти жакшылап окуп бере албагандыгынан улам да келип чыккан. Жакында эле Германиядагы шаарлардын атын туура эмес окуп дагы бир чоң сынга кабылды. Мындан улам коомдо анын билим сапатына көз караштар айтылып, аны төрагалык орунга татыксыз дегендердин саны көбөйүп кеткен. Буга чейин коомчулук эле мындай пикирин билдирип жатса, эми ЖКнын ичинен да нааразы тараптар чыга баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын кароосуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизгенин өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. “Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну, жакшы окуяларды, жашоонун оңолуусун күтөт. Жогорку Кеңеш да шайлоочулар партиянын тизмеси боюнча өз укугун беш жылга ишенип шайлаган жарандардын уюму болуп саналат. Биз кантип иштеп жана алардын ишенимин актап жатабызбы же жокпу – аны эл таразалайт. Бирок, элибиз бизди чынында эле көпчүлүк убакта катуу сынга алып жаткандыгы – бул факт. Бизде коллегаларыбыз менен бирге чечимди ӨЗҮБҮЗ кабыл алган чөйрө бар – бул өз жетекчилерибизди шайлоо жана бошотуу. Жогорку мамалекеттик органдын кадыр-баркы көпчүлүк учурда анын жетекчисине көз каранды болот. Биздин ишибиз да көп жагынан Төраганын ишмердүүлүгүнө байланышкан. Азыркы Төрага – Дастан Артисбекович бул кызматка даярдыксыз келгени ачык эле көрүнүп турат. Ал жаштык кылып жатат, мүмкүн келечекте дагы үйрөнүп кетээр. Мен фракциянын кароосуна аны кызматынан чакырып алуу сунушун киргизгем, азыр бул маселе талкууланууда. Бул сунуш колдоого алынат деп ишенем, биз мындай кадамга барып, дагы көзгө көрүнөр иштерди аткарышыбыз керек…”, – деп жазган Исхак Масалиев.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: