Menu

Эрдоган эмнени талап кылып жатат?

Бөлүшүү:

Анкара 83 мамлекеттен дин аалымы Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) 452 жактоочусун өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдиргенин NTV телеканалы жазды.

«Түркия 83 мамлекетке ФЕТОго тиешеси бар болгон 452 киши тууралуу документ жиберди. Биз аларды өткөрүп берүүнү талап кылабыз», -деди ал.

Түркиянын бийлиги ФЕТОну 2016-жылдын июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыптап келет. Учурда АКШда жашаган Гүлен бул аракетти сындап, ага анын жана жактоочуларынын тиешеси жок экенин билдирген.

Андан бери Түркияда 50 миңден ашык киши камалып, мамлекеттик кызматта, аскер түзүмдөрүндө иштеген 160 миңден ашык киши иштен алынган.

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: