Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумунда Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткандагы массалык мушташты талкуулашат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова журналисттерге билдирди.
“Мушташтын өзү, күнөөлүүлөр жана жабырлануучулар жөнүндө айта турган болсок, аны укук коргоо органдары карашы керек. Бирок БШК кимдин үгүт иш-чарасына ким келгенин, үгүт иш-чарасын үзгүлтүккө учуратуу аракети болгонбу, үгүт материалдарына зыян келтирген жана башкаларды сөзсүз карашы керек. Даярданып жаткан биздин жетекчилик кийинки отурумдун күн тартибинин долбооруна өзү маселени киргизет, эгер жок болсо, анда өзүбүз көтөрөбүз”, – деди Абдрахматова.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Ильхом Маннановдун жолугушуусунда шайлоочулар менен массалык мушташ болуп, анда 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, беш унаа талкаланган. Ильхом Маннанов өзү жаракат алган эмес. Айрым маалыматтарга караганда, “Биримдик” партиясынын баш кийимин кийген адамдар болгон. Бул партия буга чейин окуяга реакция жасап, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ