Menu

ЕБ Орусияга карата санкцияларды жарым жылга узартты

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин лидерлери бейшембиде Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2017-жылдын ортосуна чейин, алты айга узартуу чечимин кабыл алышты. Чектөөлөр Москванын Украинадагы аракеттери үчүн киризилген. Бул тууралуу Рейтер Брюсселдеги дипломатиялык булактарына шилтеме берип билдирүүдө.

Ушундай чечим кабыл алынары негизинен күтүлүп жаткан. Орусиянын коргонуу, энергетика жана каржы секторлоруна карата санкцияларды узартуу боюнча формалдуу жараян келерки аптада башталат.

Европа биримдиги Орусияга каршы чектөөлөрдү 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста кагылышуулар башталгандан кийин киргизген. Украина менен эл аралык коомчулук Кремлди жикчилдерге куралдуу колдоо көрсөтүп жатат деп айыпташууда. Өз кезегинде Москва ал айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: