Menu

Ардагерлер алтынга жетпеди

Бөлүшүү:

Болгариянын Пловдив шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү. Кыргызстандан 10 балбан аттанган эле. Арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Чынарбек Изабеков жана дүйнөнүн коло медалынын ээси Мелис Турганбаев бар эле. Бу жылы ардагерлерибиз дүйнө чемпиондугуна жетише албаса да басымдуу бөлүгү күмүш медалга арзышты. Алсак, 2015-жылы Чынарбек Изабеков 85 килограмм салмак ченинде, кийинки 2016-жылы 97 кг. салмак ченинде алтын медаль алып дүйнө чемпиондугун эки ирет багынтса, бу жылы 100 кг. салмакта финалга чейин жетип, күмүш медалга жетти. Ал эми калган балбандардан грек-рим күрөшү боюнча 62 кг. салмакта Айсабек Полатбеков (54 жаш) күмүш, ушундай эле медалга эркин күрөштөн 62 кг. Нурдин Донбаев (43 жаш), 100 кг. Чынарбек Изабеков (47 жаш) жана коло медалга 78 кг. Апты Инаркиев (51 жаш) татыды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: