Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Азамат Арапбаев кийинки окуу жылында билим алуу кандай режимде өтөөрүнө кызыкты.
“3-чейрекке жнтпей балдардын окуусу онлайн форматка өттү. Жай келип, окуу жылы бүттү. Балдардын жайкы эс алуусу эмне болот? Азыр Ысык-Көлдүн сезону башталып жатат, ал жерде жайкы лагерлер бар, аларга иштөөгө уруксат бересизби? Эгер балдар короосу бар үйлөрдө жашашса, анда алар короого чыгып алып ойной алышат, а көп кабаттуу үйлөрдө жашаган балдарга кыйын болуп жатат. Ушул маселелерге көңүл бурсаңыздар. Кийинки окуу жылы 1-сентябрдан баштап эле онлайн форматта болот деген сөз болуп жатат. Кандай болорун ачык айтыңыздар” – деди депутат Азамат Арапбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ