Кыргызстанда 1970-жылдардан бери Борбордук тарых музейинде сакталып турган мумия сөөк Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге 14-октябрда коюлду. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы ошол Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкек шаарындагы музейге алып барылган. Айрым маалыматтар боюнча ал IV-V кылымдарга таандык. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков антропология илими боюнча адистердин жоктугунан изилдөө иштери жүрбөгөнүн, ошондуктан ведомостволор аралык комиссиянын чечими менен жерге берүүгө уруксат берилгенин жарыялады. Сөөк жерге берилгенден бир күн өткөндөн кийин президент А.Атамбаев бул боюнча өз оюн жарыялады. Ал байыркы мумиянын көмүлүшүн туура эмес чечим болгон деп эсептээрин, эми күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыла тургандыгын айтты. Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышты. Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышууда. Бул көрүнүш академиктер менен археологдор көп биздин өлкөдө тиешелүү адис жоктугун көрсөтүп коюуда.
Булак: «Майдан. kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ